Түркия Ливияга көңүл айтты

Түркия ар дайымкыдай эле бул табигый кырсыкта да бир тууган Ливияга ар түрдүү колдоо көрсөтүүгө даяр.

2035991
Түркия Ливияга көңүл айтты

Түркия Ливиядагы селден каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, кечээтен бери Ливиянын таасиринде болгон жана өзгөчө чыгыш жээктерин каптаган «Даниел» бороон-чапкынынан улам көп сандаган ливиялыктын каза болушунун терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө «Дос жана боордош ливия элине көңүл айтабыз, каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Түркия ар дайымкыдай эле бул табигый кырсыкта да бир тууган Ливияга ар түрдүү колдоо көрсөтүүгө даяр»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар