Түрк коргоо өнөр жайы Европада күчүн көрсөтөт

Лондондо Эл аралык коргонуу жана коопсуздук техникасы жарманкеси өтөт.

2035752
Түрк коргоо өнөр жайы Европада күчүн көрсөтөт

Түрк коргоо өнөр жайы 30га жакын фирма менен Англиянын борбор шаары Лондондогу Эл аралык коргонуу жана коопсуздук техникалары жарманкесине (DSEI 2023) катышат.

Түрк коргоо өнөр жайы дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жетишкен экспорттук ийгиликтерин Европага алып баруу үчүн жаңы кадамдарды жасоодо.

«Интегралдык күчкө жетүү» темасы менен 12-15-сентябрда өткөрүлө турган жарманкеде аба, кургактык, деңиз, кибер жана электромагниттик иш-аракеттер менен космостон турган операциялык аянттардын ортосундагы интеграциянын шайкештигине басым жасалат.

Өкмөттөрдүн, куралдуу күчтөрдүн жана өнөр жай өкүлдөрүнүн башын бириктире турган иш-чарага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн камсыздоочулар катышат.

Президенттиктин Коргоо өнөр жайынын төрагалыгынын координациясында, Коргоо жана авиация өнөр жай экспортчулар биримдигинин колдоосу менен жарманкеге түрк коргоо өнөр жай ишканалары да катышат.

Жарманкеде 30 түрк фирмасы өз өнүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүшөт.



Тектеш кабарлар