Ички иштер министри Йерликая ПКК операциясы тууралуу маалымат берди

Министр Йерликая операция жүргүзгөн бөлүктөрдү куттуктап : "Адамгерчилиги  жок чыккынчыларды аябайбыз. Күрөшүбүз террор аяктаганга чейин уланат»,-деди.

2034847
Ички иштер министри Йерликая ПКК операциясы тууралуу маалымат берди

Ички иштер министри Али Йерликая Диярбакырда жүргүзүлгөн операцияда бомбалуу кол салууга даярданган 5 террористин колго түшүрүлгөндүгүн билдирди.

Йерликаянын социалдык медиа эсебинен жарыяланган билдирүүсүнө караганда, Коопсуздук башкы директорлугунун  координациясында жүргүзүлгөн операциянын алкагында Диярбакырда колго түшүрүлгөн 5 террористтин жикчил террордук уюм үчүн  «чабарман» экендиги жана бомбалуу кол салууга даянданып жаткандыгы аныкталды. 

Террористтер жашаган жердеги жардыруучу заттар жана курал - жарактар ​колго түшүрүлдү. 

Министр Йерликая операция жүргүзгөн бөлүктөрдү куттуктап : "Адамгерчилиги  жок чыккынчыларды аябайбыз. Күрөшүбүз террор аяктаганга чейин уланат»,-деди. 



Тектеш кабарлар