Улуттук Чалгындоо Уюму ПКК/ЙПГнын жооптуусун жок кылды

Улуттук Чалгындоо Уюму ПКК/ЙПГ жикчил террордук уюмунун мүчөсү, Террордон изделгендер тизмесинде жашыл категорияда орун алган Зүлфийе  Бинбирди Сириянын Румейлан аймагында жок кылды.

2034293

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, каймана аты Рожна болгон Бинбир 1993 - жылы ПККга кошулуп, Ирак жана Сирияда террордук кол салууларды жасаган жана 2018 - жылы «Кобани коомдук тартиптин командири» болгон.

ЙПЖнын өкүлү болуп, ПКК/ЙПГнын экономика боюнча жооптууларынын арасында орун алып, уюмдун акча жагын башкарган Бинбир коопсуздук күчтөрүнө каршы көптөгөн кол салууларга катышкан жана  Террордон изделгендер тизмесинде жашыл категорияга кирген.

Бинбир 2011 -  жылы Муш губернаторлугунда  стажировкадан өткөн Кенан Эреноглу  жана аскердик милдетин аткарган Айкут Челиктин  уурдалышын уюшутрган жана Түркиядагы башка кол салууларынан улам Улуттук Чалгындоо Уюму тарабынан көп убакыттан бери изделип жаткан. 

Улуттук Чалгындоо Уюму алынган чалгындоо кабарлары менен маалыматтарды анализдеп операция чечимин чыгарды жана Бинбирди Сириянын нефть аянты Румейлан аймагында жок кылды. 

Тектеш кабарлар