Террор менен күрөш уланууда
ПККга мүчө 2 террорист багынып берди.
2031091
Улуттук коргоо министрлиги (УКМ), Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террористтин Хабурдагы чек ара бекетине багынып бергенин кабарлады.
УКМнын билдирүүсүндө: "Түрк аскерлеринин чечкиндүү операцияларынын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 2 ПКК террористи Хабурдагы чек ара бекетибизге багынып беришти. Террористтер үчүн кутулуунун жалгыз жолу Түркиянын адилеттигине багынып берүү",-деген сөздөр камтылды.