Эрдоган:«Улутубуз менен бирге максаттарыбызга карай кадам-кадам алдыга жылабыз»

Эрдоган Президенттик комплексте «30-август Жеңиш майрамына арналган атайын концертке жана 100-жыл гимннинин бет ачарына» катышты.

2031135
Эрдоган:«Улутубуз менен бирге максаттарыбызга карай кадам-кадам алдыга жылабыз»
30 Ağustos Zafer Bayramı Külliye.jpg

Президент Режеп Тайып Эрдоган:«Улутубуз менен бирге максаттарыбызга карай кадам-кадам алдыга жылабыз»,- деди.

Эрдоган Президенттик комплексте «30-август Жеңиш майрамына арналган атайын концертке жана 100-жыл гимннинин бет ачарына» катышты.

Президент Эрдоган: «Чөлкөмүндөгү кризистерди чечүүнүн дареги болгон, коопсуздугу жана жыргалчылыгы үчүн коркунучтарды жок кылган, күчүн достору менен бөлүшкөн Түркиянын жогорулоосу уланат»,-деп айтты.

«Бүгүнкү күндө Түркия Республикасы мындан чейрек кылым, жарым кылым, же бир кылым мурункуга караганда саясий, экономикалык жана аскердик каражаттары менен дагы күчтүү жана дагы өнүккөн абалда»,-деп айткан Эрдоган: «Дүйнөнү жатка билген, Түркиянын чыныгы дараметин аңдаган, ээ болгон нерселердин маанилүүлүгүн түшүнгөн улутубуз менен бирге максаттарыбызга карай кадам-кадам алдыга жылабыз»,-деди.

Бир тараптан программада президент Эрдоган Президенттиктин Коммуникация төрагалыгы тарабынан уюштурулган 100-жыл гимнинин жарышында жеңүүчүлөргө жана калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыктуу деп табылган эмгек ээлерине сыйлыктарды тапшырды.

Биринчиликке татыктуу деп табылган, сөзүн Илкер Көмүржү жазган жана Президенттик симфониялык оркестрдин композициясы менен аткарылган чыгарма чоң жактырууга ээ болду.

Иш-чаранын алкагында 1200 учкучсуз учуучу аппарат менен «30-август Жеңиш күнү» жана «Түркия кылымы» тексттери, «Түркиянын картасы», «Түрк желеги», «Республиканын 100 жылдыгынын логотиби» асманга проекцияланды.



Тектеш кабарлар