Улуттук Коргоо министрлигинин куттуктоосу

УКМ 30-август Жеңиш майрамына карата клип даярдады.

2030934
Улуттук Коргоо министрлигинин куттуктоосу

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) 30-август Жеңиш майрамын видео клип менен куттуктады.

Министрликтин социалдык медиа баракчасынан бөлүшүлгөн клипте, согуш учурундагы көрүнүштөр менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн бүгүнкү күндө ата мекендик жана улуттук куралдар, ок-дарылар жана унаалар менен жүргүзгөн операциялары, ошондой эле машыгууларынын фотосүрөттөрү орун алды.

30-августтун грек армиясы үчүн акыркы күн болгону айтылган клипте: «Башкы командир Мустафа Кемал Паша 30-августта аскерлерине "Армиялар, силердин биринчи бутаңар Жер Ортолук деңиз, алга» деген буйругу менен түштөн кийин күчөгөн салгылашуу кечке чейин уланып грек армиясы толугу менен ыдыраган жана гректер көптөгөн жоготууларга учураган. Ушундайча Измирге баруу менен Анадолуну басып алууну максат кылган грек армиясынын оккупация кыймылы, гректердин деңизге сүрүлүшү менен аяктаган» деген сөздөр камтылды.

Клипте Гази Мустафа Кемал Паша берген «Алга» буйругуна ылайык, ар дайым улутунун буйругунда, эли менен бирге жергиликтүү жана улуттук технологиялар менен жабдылган Түрк куралдуу күчтөрүнүн күндөн-күнгө күчтөнүп жатканы белгиленди.

Түрк аскерлеринин кечээкидей эле бүгүнкү күндө да досторуна ишеним, душмандарына кыр көрсөтүүнү улантып жатканы билдирилген клипте: «Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаштары баш болгон өлкө үчүн жанын аябаган шейиттерибизди жана баатыр ардагерлерибизди ыраазычылык менен эскеребиз. 30-август Жеңиш майрамы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн күнү куттуу болсун»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар