Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын облустук башкаруучуларынын жыйынына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, элдин жыргалчылыгын арттыруу үчүн аракетибизди уланта тургандарын билдирди.

2028863
Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын облустук башкаруучуларынын жыйынына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган элдин жыргалчылыгын арттыруу үчүн аракеттерин уланта тургандарын билдирди. 

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкы кеңсесинде өткөрүлгөн облустук башкаруучулардын жыйынында сөз сүйлөдү. 

Эрдоган 6 -  февралда эпицентри  Кахраманмараш болгон жана «кылымдын апааты» деп мүнөздөлгөн 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр  жараткан  жараларды айыктыруунун негизги күн тартиби экендигин  айтты.

Жер титирөөдөн жабыркаган ар бир адамдын материалдык чыгымынын орду толтурулганга чейин  иштей тургандарын билдирген Эрдоган : "319 миң турак жайды биринчи жылдын ичинде ээлерине тапшырабыз",- деди. 

Эрдоган элдин жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн иштөөнү уланта тургандарын айтты. 

Көрүлгөн чаралар менен автомобиль рыногунда  жакшыруунун байкалгандыгын, турак жай жана ижаралардын да жакында  тең салмакташарын  айткан президент : "Кай жерде кемчилигибиз бар болсо ал жерди толтурабыз. Күчтүү болгон жагыбызды бекемдейбиз. Акыркы 22 жылда болгондой жаштарыбыздын динамизмин,  тажрыйбалар менен  жолубузду улантабыз",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар