Түркия жек көрүү кылмыштары менен күрөшүүгө чакырды

Тышкы иштер министрлиги, «Дин же ишенимге негизделген зомбулуктун курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү» тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

2027821
Түркия жек көрүү кылмыштары менен күрөшүүгө чакырды

Түркия расизм, ксенофобия жана жек көрүү кылмыштарынын социалдык тынчтык жана бейпилдик менен жалпы демократиялык баалуулуктардын эң чоң коркунучтарынын бири экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлиги, «Дин же ишенимге негизделген зомбулуктун курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү» тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө, 2019-жылы жарыяланган Динге же ишенимге негизделген зомбулуктун курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнү аркылуу дүйнөнүн ар кайсы жеринде дини же ишениминен улам жийиркеничтүү иштерге жана кол салууларга дуушар болгон бардык курмандыктардын урмат-сый менен эскерилгени белгиленди.

Расизм, ксенофобия жана ушул алкакта жасалган, бирок кээ бир өлкөлөрдө сөз эркиндигинин негизинде жол берилген жек көрүү кылмыштарынын коомдук тынчтык жана бейпилдик менен жалпы демократиялык баалуулуктарга эң чоң коркунучтардын бири экенине көңүл бурулган билдирүүдө: «Сөз эркиндиги демократиянын негизи болгону менен, аны жек көрүүчүлүктү жайылтуу үчүн колдонууга болбойт» деп басым жасалды.

Билдирүүдө бүгүнкү күндө расизм жана ксенофобиянын эң кеңири жайылган түрлөрүнүн бири исламофобиянын да дүйнөнүн бардык жеринде мусулмандар жек көрүү сөздөрүнө, кол салууларга жана ыйык баалуулуктарына акаарат келтирүүгө дуушар боло турган деңгээлге жеткени маалымдалып: «Январь айынан бери Ыйык китебибиз Курани Каримдин өрттөлүшү Европада эпидемия сыяктуу жайылышы жана мечиттерге тез-тез кол салуулар динге же ишенимге негизделген толеранттуулуктун үрөй учурарлык чен-өлчөмүн көрсөтүүдө»,-деп айтылды.

Билдирүүдө Түркиянын ушул алкакта көйгөйдүн чечилишине салым кошууну каалаган бардык өлкөлөр жана уюмдар менен кызматташууга даяр экени белгиленди.



Тектеш кабарлар