Президент Эрдогандын Венгрияга болгон иш-сапары...

Президент Режеп Таййип Эрдоган Венгриянын президенти, премьер-министри жана чакырылган өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөрдү.

2027081
Президент Эрдогандын Венгрияга болгон иш-сапары...

Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Эрдогандын Орбандын чакыруусу менен барган Венгриянын борбор шаары Будапешттеги Кармелита монастырында өткөрүлгөн жыйында Түркия-Венгрия карым-катнаштары менен бирге Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүк процесси, аймактык жана глобалдык абалдар каралды.

Эрдоган сапарынын алкагында Будапештте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана делегациясы менен да жолугушту.

Жолугушууда Түркия менен Өзбекстандын карым-катнаштары менен катар аймактык жана глобалдык өнүгүүлөр талкууланды.

Режеп Таййип Эрдоган андан кийин Сербиянын президенти Александр Вучич менен жолугушту.

Жолугушууда Түркия-Сербия мамилелери жана аймактык маселелер каралды.

Сербияны Балкандагы тынчтык жана ырааттуулук жагынан негизги өлкө катары көргөнүн билдирген президент Эрдоган, Түркия-Сербия карым-катнаштарынын тарыхынын эң жогорку чегине жеткенин айтты.

Бул жолугушуулардан кийин Будапешт-2023 Дүйнөлүк Атлетика чемпиондугунун эркектер арасындагы 100 метрге жарыш финалын көргөн президент Эрдоган стадиондо Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани менен баарлашты.

Эрдоган Будапештте Венгриянын президенти Каталин Новак менен да жолукту.

Президент Эрдогандын Венгриянын түзүлгөн күнү менен куттуктаган жолугушууда эки өлкөнүн карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Эрдоган Босния-Герцеговинанын Президенттик кеңешинин мүчөсү Зелжка Цвиянович менен Босния-Герцеговинадагы эки автономиядан бири Серб Республикасынын (СР) президенти Милорад Додикти кабыл алды.

Жолугушууда Түркия менен Босния-Герцеговинанын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар жана учурдагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланды.

Президент Будапешттеги жолугушууларынан кийин Түркияга кайтып келди.

Бир тараптан Эрдоган социалдык медиа эсебинен Венгрия сапарына байланыштуу бөлүшүүсүндө: «Бүгүн биз Будапештте стратегиялык өнөктөшүбүз жана НАТО боюнча союздашыбыз Венгриянын түзүлгөндүгүнүн мааракесине жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионаттын иш-чараларына байланыштуу болдук. Иш сапардын алкагында Венгриянын президенти, премьер-министри жана башка чакырылган мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугуштук»,-деп маалымат берди.

Венгрия менен тамыры терең жана бекем достук байланыштарына таянган кеңири карым-катнаштары бар экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биз мамилелерибиздин бардык аспектилеринде олуттуу ийгиликтерге жетишип жатабыз. Биздин эки тараптуу соода көлөмүбүз болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетип, 2022-жылы 3,5 миллиард долларды түздү. Биз биргелешкен аракеттерибиз менен соода көлөмүндө эң кыска мөөнөттө 6 миллиард долларлык максатка жетебиз деп ишенебиз. Эки тараптуу карым-катнаштарыбыздын бардык аспектилерин карап чыгып, карым-катнашыбызды алдыга жылдыруу үчүн таштай турган кадамдарыбызды талкуулаган сапарыбыздын пайдалуу болушун каалайм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар