Президент Эрдоган Будапештте
Эрдогандын майрам жана иш-чараларга катыша турган берки кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү да күтүлүүдө.
2026889
Президент Режеп Таййип Эрдоган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамы жана Дүйнөлүк жеңил атлетика чемпионатынын иш-чараларына катышуу үчүн Будапештке барды.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сапардын алкагында венгриялык тарап менен боло турган жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштардын бардык аспектиде каралышы, ошондой эле аймактык жана глобалдык жагдайлар тууралуу пикир алмашылышы көздөлүүдө.
Мындан тышкары президент Эрдогандын майрам жана иш-чараларга катыша турган берки кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү да күтүлүүдө.