УКМ: "Бир жумада 53 террорист жок кылынды"

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) «Басма сөз жыйынына» караганда, акыркы бир жумада 53 террорист, жыл ичинде болсо жалпы 995 террорист таасирсиз кылынды.

2022851
УКМ: "Бир жумада 53 террорист жок кылынды"

Террор менен күрөшүүдө акыркы бир жумада 53 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) «Басма сөз жыйынына» караганда, акыркы бир жумада 53 террорист, жыл ичинде болсо жалпы 995 террорист таасирсиз кылынды.

2015-жылдын 24-июлунан бери жок кылынган террористтердин саны 38 миң 338ге жетти.

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел кулпу» операциясынын алкагында ушул убакка чейин 586 террорист таасирсиз абалга келтирилип, 1316 курал жана ок-дары, 2 миң 15 мина/колго жасалган жардыргыч зат колго түшүрүлдү, 614 үңкүргө операция жүргүзүлдү.

Билдирүүдө бул аймакта кечээ жикчил террордук уюмдун огунан 5 аскердин шейит болгону белгиленди.

Акыркы жумада террористтер Сириядагы операция аймактарына кысым көрсөтүүгө аракет кылышты. Түрк аскерлеринин жооп кайтаруусу менен 45 террорист таасирсиз кылынды.

Жыл башынан бери болсо операция аймактарында 86 жолу ок атылды. Аскерлердин жооп кайтаруусу менен жалпы 744 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар