УКК президент Эрдогандын жетекчилигинде чогулду

Жыйында каралган темалардын арасында террор менен күрөшүү биринчи орунда турат.

2022450
УКК президент Эрдогандын жетекчилигинде чогулду

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК) президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулду.

Баш калаа Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн жыйында каралган темалардын арасында террор менен күрөшүү биринчи орунда турат.

Жыйында өлкө ичинде жана чек аранын тышында жүргүзүлгөн операцияларга баа берилет.

Ошондой эле буга чейинки Улуттук коопсуздук кеңешинде талкууланган сириялык качкындардын өз өлкөлөрүнө кайтарылышына байланыштуу акыркы абал каралат.

2022-жылдын 24-февралынан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушунун алкагындагы жагдайлар да үстөлдөгү темалардын арасында.

Орусиянын чыгып кетиши менен аяктаган дан ташуу келишиминин да талкууланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар