Президент Эрдоган Стамбулда Мухаррам ифтарына катышты

Ифтарга катышкандарга кайрылган президент Эрдоган, биримдик билдирүүлөрүн берди.

2017541
Президент Эрдоган Стамбулда Мухаррам ифтарына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Эхлибейтти (Мухаммед пайгамбардын кызы, күйөө баласы жана неберелеринен турган үй-бүлөсү) жакшы көрүү – адилеттүүлүккө, калыстыкка, укукка жана чындыкка кылдат мамиле кылуу дегенди билдирет. Ушул ишеним жана чечкиндүүлүк менен өткөн жылы республика тарыхынын эң маанилүү кадамын таштап, Алеви Бекташи маданият жана Жемеви башкармалыгын түздүк»,-деди.

Президент Эрдоган Стамбул Пендикте Али Баба Жемевинде Мухаррам ифтарына катышты.

Ифтарга катышкандарга кайрылган президент Эрдоган, биримдик билдирүүлөрүн берди.

Өткөн жылы Республика тарыхынын эң маанилүү кадамын таштагандарын жана Алеви Бекташи маданият жана Жемеви башкармалыгын түзгөндөрүн белгилеген Эрдоган: «Мамлекетибиздин негизги ташы катары көргөн Алеви бекташи бир туугандарыбызды көптөн бери күткөн укуктарына жеткирүү үчүн таштаган кадамдарыбыздын пайдалуу болушун каалайм»,-деди.

Бирдиктүү улут болуу аң-сезиминин күндөн-күнгө күчөп баратканын баса белгилеген Эрдоган: «Сунниттер, алевиттер, түрктөр, күрттөр менен бир тууган жана бир улут экенибизди дүйнөгө жар салган бул мекемелик негизди кечиктирилген укук берилиши катары кабыл алабыз»,-деп айтты.

Ифтар программасынан чыгып баратканда президент Эрдоганга айланадагы эл урмат-сый көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар