Германия жана АКШдан келген дарыгерлер Стамбулдагы ооруканада болушту

Иш сапардын жүрүшүндө конок дарыгерлер оорукананын роботтук жана реконструктивдүү урология боюнча адиси проф. др. Абдулмутталип Шимшек жана анын командасы жасаган протездик операцияларга катышышты.

2017591
Германия жана АКШдан келген дарыгерлер Стамбулдагы ооруканада болушту

Германия жана АКШдан Түркияга келген урология адистери Стамбулдагы Башакшехир Чам жана Сакура шаардык ооруканасында болушту.

Оорукананын билдирүүсүнө караганда, урология клиникасына келген Германиянын UKSH Kiel университетинин госпиталынын урология клиникасынын башчысы профессор доктор Данияр Осмонов жана Техас университетинин медициналык урология бөлүмүнүн доктору Лайт Альцвери менен протездик хирургия боюнча маалымат алмашылды.

Иш сапардын жүрүшүндө конок дарыгерлер оорукананын роботтук жана реконструктивдүү урология боюнча адиси проф. др. Абдулмутталип Шимшек жана анын командасы жасаган протездик операцияларга катышышты.

Тренингдерге баа берген проф. др. Шимшек, проф. др. Осмонов жана доцент др. Альцвери менен операцияларга катышып жаңы хирургиялык ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүгү аркылуу маалымат алмашышканын айтты.



Тектеш кабарлар