Түркия Израилдин улуттук коопсуздук министрин айыптады
Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.
2016861
Түркия Израилдин ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин Масжид-ул-Аксага жүргүзгөн чагымчыл рейдин айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Израилдин улуттук коопсуздук министринин радикалдуу отурукташкандар менен Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн коргоосунда Акса мечитине жүргүзгөн чагымчыл рейдин катуу айыптайбыз»,- деп айтылды.
Билдирүүдө: «Акса мечитинин ыйыктыгын жана тарыхый статусун бузган бул провокацияларга жол берилбеши жана чыңалуунун күчөп кетпеши үчүн Израиль бийлигин керектүү чараларды көрүүгө чакырабыз»,-деген сөздөр камтылды.