Президент Эрдогандын Сауд Арабия сапары
Эрдоган менен мураскор ханзаада Селман Аль - Салам сарайында жекеме - жеке сүйлөштү жана делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сауд Арабияда расмий азем менен тосуп алынды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен барган Сауд Арабиянын Жидда шаарында Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед Бин Салман тарабынан расмий азем менен тосуп алынды.
Аземден кийин Эрдоган менен мураскор ханзаада Селман Аль - Салам сарайында жекеме - жеке сүйлөштү жана делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышты.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Түркия менен Сауд Арабия Королдугунун ортосунда түздөн – түз инвестиция, коргоо өнөр жайы, энергетика, коргонуу жана коммуникация тармактарында келишимдерге кол коюлду.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдөн кийин мураскор ханзаада Селманга Памуккале ак түстөгү Тогг белек кылды. Президент Эрдоган жана мураскор ханзаада Селман Тоггду Аль Салам сарайынын короосунда бир канча убакыт изилдешти.
Эрдоган мураскор ханзаада Селман айдаган Toгг менен мейманканасына келди.