Эрдоган Перс булуңу өлкөлөрүнө сапарга чыгат

Эрдоган кесиптештери менен жолугушуу үчүн Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерине барат.

2012166
Эрдоган Перс булуңу өлкөлөрүнө сапарга чыгат

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүгүн Перс булуңу өлкөлөрүнө сапарга чыгат.

Эрдоган кесиптештери менен жолугушуу үчүн Сауд Арабия, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерине барат.

Эрдоган биринчи аялдамасы Сауд Арабияда король Салман бин-Абдулазиз менен жолугушат жана Сауд Арабия-Түркия бизнес форумуна катышат.

Президент Эрдоган эртең алгач Катарда, андан кийин Бириккен Араб Эмирлигинде болот.

Эрдогандын сапарларында саламаттыкты сактоо, энергетика жана коргонуу өнөр жайы сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташуу темаларын талкуулоосу күтүлүүдө.

Жакында вице-президент Жевдет Йылмаз менен казына жана каржы министри Мехмет Шимшек да аймакка барып, бир катар жолугушууларды өткөрүштү.



Тектеш кабарлар