Яшар Гүлер Азербайжандын вице - президенти менен жолугушту
Яшар Гүлер Түркия менен Азербайжандын ортосунда эки башка өлкөнүн карым-катнаштары менен бирге боордоштук тилектештик рухунун бар экендигин айтты.
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Азербайжандын вице - президенти Халид Ахадов менен жолугушту.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Улуттук коргоо министрлигинде өткөн жолугушууда Гүлер Түркия менен Азербайжандын ортосунда эки башка өлкөнүн карым-катнаштары менен бирге түбөлүктүү боордоштук тилектештик рухунун бар экендигин айтты.
Гүлер: «Эки мамлекет, бир улут» түшүнүгү менен ушул кезге чейин басып өткөн жолду мындан кийин да улантабыз»,-деп, түрк куралдуу күчтөрү ээ болгон аскердик билим, тажрыйбаны Азербайжан менен бөлүшүүнү уланта турганын баса белгиледи.
Министр Гүлер : «Бардык күчүбүздү карым - катнаштарыбызды жакшыртууга жумшайбыз. «Бир мекен операциясында» болгондой, мындан ары да азербайжандык боордошторубуздун жанында жана бир жүрөк болууну улантабыз. Ар дайым Азербайжаныбыздын жанындабыз»,-деди.