Президент Эрдогандын жолугушуулары улантылууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен жолугушту.

2010307
Президент  Эрдогандын жолугушуулары улантылууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Литванын борбор шаары Вильнюста НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Нидерландиянын премьер  - министри Марк Рютте жана Грециянын премьер  - министри Кирякос Мицотакис, Албаниянын премьер  - министри Эди Рама, Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен  менен да жолугушту.

Ошол эле учурда президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен президент Эрдоган менен Грециянын премьер-министри Мицотакистин жолугушуусуна байланыштуу билдирүү жарыяланды.

Эрдоган менен Мицотакистин Түркия жана Грециянын тышкы иштер министрлеринин катышуусунда жолугушканы эске салынган билдирүүдө жолугушуунун жакшы маанайда өткөнү белгиленди.

Эрдоган менен Мицотакистин акыркы айларда эки тараптуу карым  - катнаштардагы оң абалдардын эки өлкөнүн тең пайдасына болгондугу  боюнча бирдей пикирде экендери белгиленген билдирүүдө булар айтылды : "Бул максатта тараптар алдыдагы мезгилде эки тараптуу карым  - катнаштарды  позитивдүү маанайда түзүү жана эки өлкөнүн ортосундагы бир нече байланыш каналдарын активдештирүү боюнча макулдашышты. Эки лидер Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин кийинки жыйынын күздө Салоникиде өткөрүү боюнча  макулдашышты.  Эки лидер тышкы иштер министрлерин  процесстерге жетекчилик кылууну жана алдыга жылуу боюнча отчет берүү менен милдеттендиришти.

Эки лидер Түркия - Греция карым - катнаштарынын жакшырышына шарт түзө турган ишеним чөйрөсүн жана шарттарды түзүү үчүн бардык деңгээлде тез - тез жолугушууларды өткөрүү ниеттерин баса белгилешти".

 

 

 

 



Тектеш кабарлар