Коргоо министри Гүлер Италия жана Эстониянын коргоо министрлери менен жолугушту

Бул тууралуу маалыматтты Улуттук коргоо министрлиги жарыялады.

2010408
Коргоо министри Гүлер Италия  жана Эстониянын коргоо министрлери менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Грециянын коргоо министри Никос Дендиас менен жолугушту.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда президент Режеп Таййип Эрдоганды Литванын борбор шаары Вильнюс шаарында болгон НАТОнун лидерлер саммитинде коштогон Гүлер Грециянын коргоо министри Дендиас менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарда позитивдүү күн тартибин сактоонун жана диалог каналдарын ачык кармоонун маанилүүлүгү баса белгиленип, Ишеним чаралары боюнча жолугушууларды кайра жандандыруу боюнча макулдашуу такталды.

Гүлер Вильнюста Италиянын коргоо министри Гидо Кросетто жана Эстониянын коргоо министри Ханно Певкур менен да жолугушту.

 

 

 



Тектеш кабарлар