Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө жашыл жарык жашыгы дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды

Америка басма сөзү бул тууралуу абалдарды соңку мүнөт катары  жарыялады.

2009756
Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө жашыл жарык жашыгы дүйнөлүк басма сөздө кенен орун алды

Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө жашыл жарык жагуусу тууралуу кабар дүйнөгө кеңири жайылды.  

Америка басма сөзү бул тууралуу абалдарды соңку мүнөт катары  жарыялады.

Bloomberg  «Түркия НАТОну бекемдөө үчүн Швециянын альянска кошулушун колдоого макул болду» деп жарыялады.

Wall Street Journal бул кадамдын «Россияга каршы түзүлүүгө аракет кылынган  блоктун толукталышы жактан маанилүү экендигине» басым жасады.

Швециянын мамлекеттик телеканалы SVT Швециянын Түркиянын уруксаты менен НАТОго мүчө болушу менен  200 жылдык тарапсыздык саясатынын  акырына чыга тургандыгын  эске салды.

Германиянын Bild гезити «Эрдоган Швециянын НАТОго киришине жол ачты» деп билдирген.

Британияда Sky News телеканалы Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу чечимин «Столтенберг Эрдогандын Швециянын НАТОго киришин колдой турганын айтты» деген темада жарыялады.

The Guardian гезити: «Түркия Швециянын НАТОго кайрылуусун колдоого макул болду» деп бидирсе, Грек басмасы «Эрдогандан НАТОго жашыл жарык» деген баш сөздү колдонду.

Грециянын мамлекеттик телеканалы ERT Столтенбергдин чечимге байланыштуу «тарыхый кадам» деген сөздөрүн кабарлардын башкы темасы катары чыгарды.

Бул чечим Италияда, Испанияда жана Балкан басма сөзүндө кеңири таасир калтырды.



Тектеш кабарлар