Министр Фидан Блинкен жана Жоли менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан АКШ жана Канадалык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

2008774
Министр Фидан Блинкен жана Жоли менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Фидан менен Блинкен НАТОнун кеңейиши, Вильнюста боло турган НАТОнун лидерлер саммити, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирияга чек арадан өткөн жардам механизминин узартылышы жана Украинадагы .акыркы абалдар тууралуу сүйлөштү.

Хакан Фидан Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Жоли Фиданды тышкы иштер министри кызматын ээлегендиги үчүн куттуктады.

Анда НАТОнун кеңейиши жана эки тараптуу карым-катнаштар да талкууланды.



Тектеш кабарлар