Министр Хакан Фидан Бин Ферхан менен сүйлөштү
Тараптар ислам душмандыгы менен бирдикте күрөшүү жана аймактык темаларда кызматташтык жагдайларын талкуулашты.
2005732
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Файсал бин Ферхан менен эртең Жиддада боло турган Ислам Кызматташык Уюмунун аткаруу комитетинин кезексиз жыйынына карата дачрдыктар тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Министрликтен берилген маалыматка караганда Фидан саудиялык кесиптеши Бин Ферхан менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүдө Курман айт майрамынын биринчи күнүндө Швецияда Куран Каримдин өрттөлүшүнө байланыштуу эртең Жиддада боло турган Ислам Кызматташык Уюмунун аткаруу комитетинин кезексиз жыйынына даярдыктар каралды.
Тараптар ислам душмандыгы менен бирдикте күрөшүү жана аймактык темаларда кызматташтык жагдайларын да талкуулашты.