Эрдоган Раиси жана Барзани менен сүйлөшүү өткөрдү

Бул тууралуу Коммуникация башкармалыгы маалымат берди.

2005331
Эрдоган Раиси жана Барзани менен сүйлөшүү өткөрдү
barzani-erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунун (ИКАБ) төрагасы Нечирван Барзани менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда телефондогу сүйлөшүүлөрдө Курман айттын бүткүл адамзатка, өзгөчө Ислам дүйнөсүнө тынчтык, бейпилдик жана молчулук алып келүүсү боюнча өз ара каалоолор айтылды.

Президент Эрдоган менен Раисинин ортосундагы сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелер да талкууланды.



Тектеш кабарлар