Түркия-АКШ стратегиялык механизм диалогунун жыйыны

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен билдирүүсүндө, 23-июнда Вашингтондо болгон жолугушуудагы маалыматтар орун алды.

2004020
Түркия-АКШ стратегиялык механизм диалогунун жыйыны

Түркия-Америка Кошмо Штаттары (АКШ) стратегиялык механизм диалогунун бешинчи жыйынына байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен билдирүүсүндө, 23-июнда Вашингтондо болгон жолугушууда Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын НАТОго мүчө жана өнөктөш өлкөлөр катары эки тарапты кызыктырган тармактар боюнча бекем кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү боюнча милдеттенмелерин дагы бир жолу баса белгилешти..

Билдирүүдө тараптар бардык деңгээлдеги эки тараптуу саясий, коргонуу жана коопсуздук консультацияларын кеңейтүү жана эки өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыктарына ылайык ар тараптуу өнөктөштүктү күчтөндүрүү боюнча макулдашты, Түркия-АКШ коргонуу жана коопсуздук кызматташтыгынын аймактык тынчтыкка салым кошкону боюнча бирдей пикирге барышты жана Түркиянын F-16 флотунун модернизация талабына байланыштуу жылыштарды сүйлөшкөндөрү белгиленди.

Билдирүүдө делегациялардын 11-12-июлда Литвада өтө турган НАТО саммитине даярдыктарды карап чыгышканы, «Түркия жана Америка Кошмо Штаттары НАТОнун Ачык эшик саясатына күчтүү колдоо көрсөтүштү»,деп билдирилди.

Күн тартибинде Чыгыш Жер Ортолук деңизи да болду, ошондуктан эки тарап тең кызматташуу жана аймактык кошуу принциптеринин негизинде стабилдүүлүктү жана диалогду сактоону жактай тургандыгын ырасташты.

Билдирүүдө ошондой эле, «Түркия менен АКШ Орусиянын кабыл алынгыс согушуна каршы Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бекем колдой турганын дагы бир жолу баса белгилешти. Тараптар БУУнун принциптеринин негизинде Украинада адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн тыгыз кызматташууга милдеттеништи. АКШ, Түркиянын БУУ менен биргеликте дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк бааларын турукташтырууга жардам берген Кара деңиз дан демилгесин жайылтуу аракетин кубаттады»,делди.

Билдирүүдө тараптардын ДЕАШ жана ПКК баш болгон террордун бардык түрү жана көрүнүштөрү менен күрөшүүгө карата убадаларын кайталап, тыгыз кызматташтыкты улантууну дагы бир жолу тастыкташканы белгиленди.



Тектеш кабарлар