Тышкы иштер министрлиги  еврей отурукташуучулардын Куран Каримге карата кол салуусун айыптады

Министрлик оккупациядагы Палестина жерлеринде еврей отурукташуучулар тарабынан жасалган кол салуулар тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2003637
Тышкы иштер министрлиги  еврей отурукташуучулардын Куран Каримге карата кол салуусун айыптады

Тышкы иштер министрлиги  еврей отурукташуучулардын Израиль оккупацияга алган Палестинанын Уриф шаарындагы бир мечитке кирип Куран Каримге карата кол салышын айыптады.

Министрлик оккупациядагы Палестина жерлеринде еврей отурукташуучулар тарабынан жасалган кол салуулар тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта акыркы күндөрдө Батыш Шериада кайрадан күч алган чыңалуудан тынчсыздануу болуп жаткандыгы белгиленип, булар айтылды : «Бир группа еврей отурукташуучунун Израилдин оккупациясындагы Палестина жерлериндеги Уриф шаарында бир мечитке кирип, ыйык китебибиз Куран Каримге карата жасаган кол салуусун айыптайбыз. Бул кабыл алынгыс жек көрүү кылмыштын аткаруучуларынын эң кыска убакытта сот алдына чыгарылышын күтөбүз. Батыш Шерианын түрдүү жерлеринде орутукташуучу топтордун жасаган кол салуулары  жана Израиль күчтөрү тарабынан палестиналык бир жарандын өлтүрүлүшүн катуу айыптайбыз. Оккупациядагы Палестина жерлеринде еврей  отурукташуучулар тарабынан  палестиналык жергиликтүү калкка, ибадатканаларына, турак жайларына жана мал  - мүлкүнө карата жасалган бардык кол салуулардын жана ислам душмандыгы да болгон жек көрүү кылмыштарына тоскоол болууну, ислам мамлекетинин эл аралык мыйзамдан келип чыккан милдетинин бар экендигин дагы бир жолу баса белгилейбиз».



Тектеш кабарлар