Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташка Алжир улуттук ордени тапшырылды
Министр Өздемир Гөкташ Твиттер баракчасынан бул тууралуу маалымат берди.
Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташка «Биринчи даражадагы Алжир Улуттук Ардак ордени» тапшырылды.
Министр Өздемир Гөкташ Твиттер баракчасынан бул тууралуу маалымат берди.
Алжирдин мурдагы элчиси жана министр Өздемир Гөкташ, Алжирдин президенти Абулмежид Теббун менен түшкөн сүрөтүн да жарыялап : «Алжирдин президенти, урматтуу Абдулмежид Теббундан өлкөнүн тарыхында биринчи жолу бир элчиге берилген «Биринчи даражадагы Алжир Улуттук Ардак орденин» алуу абдан чоң сыймык»,- деди.
Министр Гөкташ да Алжирдин президентине кызмат мөөнөтү бою көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Министрибиз Хакан Фидан министр Гөкташты бул сыймыктандыруучу ордени менен менен куттуктады»,- деп билдирилди.
Махинур Өздемир Гөкташ 2020-жылы Түркия Республикасынын Алжирдеги элчиси болуп дайындалган.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.