Тышкы иштер министри Хакан Фидан телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Сүйлөшүүдө кесиптештери Хакан Фиданга жаңы кызматында ийгилик каалашты.

2000844
Тышкы иштер министри Хакан Фидан телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Панаманын тышкы иштер министри Жанайна Тевани Менкомо жана Коста-Риканын тышкы иштер жана ишеним министри Арнольдо Андре Тиноко менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөрдө кесиптештери министр Фиданды жаңы кызматы менен куттукташты.

Министр Фидан тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин төрагасы Наил Олпак, Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы, Кубанычбек Өмүралиев жана АКШнын Анкарадагы элчиси Жеффри Л.Флейк менен да сүйлөштү.



Тектеш кабарлар