Түркия Улуу Улуттук Парламентинин иштөө мөөнөтү узартылды

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин иштөө мөөнөтүнүн узартылгандыгына байланыштуу чечим Расмий гезитте жарыяланды.

2000681
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин иштөө мөөнөтү узартылды

  1 – июлда эс алууга чыгышы керек болгон Түркия Улуу Улуттук Парламенти ишин улантат.

Конституциянын 93-беренесине жана Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Регламентинин 5-беренесине ылайык, 2023-жылдын 1-июлунда ишемби күнү эс алууга чыгышы керек болгон Түркия Улуу Улуттук Парламенти эс алууга чыкпастан, ишин улантууга, 2023 – жылдын  13 -  июнунда жалпы кеңештин  4 -  жыйынында чечим чыгарылды.  



Тектеш кабарлар