Эрдоган ТКТР жана Азербайжандан кайтуусунда журналисттерге маалымат берди

Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) жана Азербайжан сапарынан кайтып келе жаткан учакта журналисттерге маалымат берди.

1999758
Эрдоган ТКТР жана Азербайжандан кайтуусунда журналисттерге маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, НАТОго мүчө болууну каалаган Швециянын өз милдеттерин аткарышы керектигин баса белгиледи.

Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) жана Азербайжан сапарынан кайтып келе жаткан учакта журналисттерге маалымат берди.

Эрдоган: «Түркия Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитеби?» деген суроого: «Жакында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Стамбулда коногум болду. Биздин ага айтканыбыз: «Эгер бизден Швециянын күтүүсүнө жооп берүүнү күтүп жатсаңыз, биринчи кезекте Швеция бул террордук уюмду (ПКК) биротоло жок кылышы керек», түрүндө болду. Ошол убакта тилекке каршы Швецияда террористтер кайрадан көчөгө чыгып, демонстрация өткөрүштү. Эми биз бул көрүнүштү көрүп туруп бул маселеге оң карай албайбыз. Муну бүтүрбөгөндөн кийин Вильнюста өтө турган (НАТОнун саммитинде) «эрке балам, кол балам» (баары жакшы) деп айта албайбыз»,-деп жооп берди.

Түркиянын жаңы мезгилде тышкы саясаттагы приоритетинин диалог жана дипломатия экенин белгилеген Эрдоган Греция менен карым-катнаштарга да баа берди.

Эрдоган: «Түркиядагы шайлоодон кийин Грециянын мурдагы премьер-министри Кириакос Мицотакис мага телефон чалып куттуктады. Ошондуктан биз аны менен азыр Вильнюста жолугушуудан тартынбайбыз. Биз эки коңшу мамлекетпиз. Айта турган нерсебиз белгилүү. Бул эмне? Бул куралдануу менен кайда барасың?» Эмнеси болсо да алар тууралуу чогуу сүйлөшөбүз, билгиле, биз душмандарыбызды көбөйтүү үчүн эмес, азайтуу үчүн барбыз. Түркия ушундай, Эрдоган ушундай»,-деп айтты.

Кипр маселесине да токтолгон Эрдоган: «Кипрдин рум коомчулугундагы азыркы башкаруу мурункуларына караганда тынчыраак. Бул тынчтык атмосферасын сактап, өзгөчө Европа Биримдигинин (ЕБ) провокацияларгына алдырбастан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендик теңдик укуктарын коргоо үчүн "ооба" деп айтышса, биз «эмнеге жок?» дейбиз. Евробиримдик чынчыл эмес. Биз да 50 жыл өттү, бул ЕБ дагы эле ошол эле чекитте. Бул маселелерди талкуулайбыз. Биз муну да карап чыгуубуз керек»,-деди.

Кавказдагы окуяларга баа берген Эрдоган, Баку-Ереван линиясындагы тынчтык процессинин жылышынын Түркиянын Армения менен карым-катнаштарынын нормалдашуусуна олуттуу салым кошо турганын айтты.

Зангезур коридоруна байланыштуу Иран менен болгон көйгөйгө токтолгон президент Эрдоган: «Бул Армениянын көйгөйү эмес. Зангезур коридору Иран менен болгон көйгөй. Бул жерде Ирандын мындай (терс) мамилеси Азербайжанды да, бизди да кейитет. Бул жерде бир вагонго айлык акы да бар. Тилекке каршы, бул абдан жогору. Бул көйгөйдү кыска убакытта жеңебиз деп үмүттөнөм.Эгерде алар (иран тарап) буга оң көз карашта болушса, бүгүн Түркия-Азербайжан-Иран бири-бири менен автомобиль жана темир жол аркылуу интеграцияланмак, балким, Пекин-Лондон линиясы ачылмак»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар