Эрдоган менен Нахайян Стамбулда жолугушту

Президент Эрдоган Мухаммед бин Заид Аль Нахайянды Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунан тосуп алды.

1998059
Эрдоган менен Нахайян Стамбулда жолугушту
al nahyan-erdogan-togg1.jpg
al nahyan-erdogan-togg.jpg
al nahyan-erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.

Президент Эрдоган Мухаммед бин Заид Аль Нахайянды Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунан тосуп алды.

Эрдоган менен Зейид Аль Нахайян тосуп алуу аземинде Түркиянын биринчи ата мекендик жана улуттук унаасы ТOGGду карап чыгышты.

Андан соң эки мамлекет башчынын «Ататүрк» аэропортунун мамлекеттик конок үйүндө жабык эшик артында жолугушуусу болду.

Мухаммед бин Заид Аль Нахайян жолугушуу тууралуу социалдык медиа эсебинен түрк тилинде маалымат бөлүштү.

Аль Нахайян өзүнүн Твиттер баракчасына: «Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Стамбулда жолукканыма кубанычтамын. Биз эки өлкөнүн стратегиялык карым-катнаштарын бекемдөөнү жана экономикалык өнөктөштүктү алдыга жылдырууну талкууладык. БАЭ аймакта жана дүйнөдө тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү колдоо үчүн достору менен кызматташуусун тереңдетүүгө кам көрөт»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар