Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ президенттик комплексте өткөрүлгөн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.
Улуттук коопсуздук кеңеши Түркия кылымынын башталышы болгон жаңы мезгилде (2023) өлкөнүн коопсуздугун, тынчтыгын жана жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн чечкиндүүлүк менен кадамдар таштала тургандыгын билдирди.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ президенттик комплексте өткөрүлгөн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин билдирүү жарыяланды.
Билдирүүдө, ФЕТО жана ДЕАШ, ПКК/КЖК-ПЙД/ЙПГ башта болгон,улуттук биримдикке жана тилектештикке каршы ар кандай коркунучтарга карата өлкө ичинде жана тышында чечкиндүүлүк жана ийгилик менен жүргүзүлүп жаткан операциялар тууралуу кеңешке маалымат берилгендиги билдирилди.
Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн сакталышы менен туруктуу тынчтык жана туруктуулуктун түзүлүшү, террордук уюмдардан тазаланышы менен мүмкүн болорубаса белгиленген билдирүүдө, Косоводо күч алган чыңалуунун аймактагы тең салмактуулуктарды буза турган кризиске айланышына мүмкүнчүлүктүн берилбеши үчүн диалог жана сүйлөшүү процесстери улантылып, Түркиянын аймакка берген колдоосунун мааниси баса белгиленди.
Жыйында Россия менен Украинанын ортосундагы согуштун аймак үчүн тобокелдиктерди арттырган кесепеттери, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы диалог процессиндеги абалдарга карата ыраазычылык баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.