Фахреттин Алтун коммуникация башкармалыгына кайрадан дайындалды

Фахреттин Алтун соцтармактан ыраазычылык билдирди.

1997303
Фахреттин Алтун коммуникация башкармалыгына кайрадан дайындалды

 

Расмий гезитте жарыяланган чечим боюнча профессор доктор Фахреттин Алтун  коммуникация башкармалыгына кайрадан дайындалды. Дайындоо  менен кайрадан коммуникация башкармалыгына шайланган Фахреттин Алтун ыраазычылык билдирди.

Коммуникация башкармалыгына кайрадан дайындалган Фахреттин Алтун соцтармактан : «Коммуникация башкармалыгына кайрадан дайындаган президентибиз Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирем.  Президентибиздин көз карашынын негизинде Түркия кылымы максаттарыбыз үчүн бирдикте иштеп, акыйкаттык үчүн күрөшүбүздү улантабыз»,- деди.

Бир тараптан Түркия Республикасынын Борбордук банкынын  төрайымы болуп доктор Хафиз Гайе Эркан дайындалды.

Эркан Түркия Республикасынын Борбордук банкынын  төрайымдыгына дайындалган биринчи аял болду.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кол коюусу менен Эркандын Түркия Республикасынын Борбордук банкынын  төрайымдыгына дайындалышына байланыштуу чечим Расмий гезитте жарыяланды.

Расмий гезитте жарыяланган башка чечимге ылайык, профессор доктор Шахап Кавжыоглу Банк ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кеңешинин төрагасы болуп дайындалды.

 



Тектеш кабарлар