Улуттук электрлүү поезд каттамдарын баштайт

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу улуттук поезд топтомунун бүгүн кечинде биринчи жолу жүргүнчүлөрдү ташый баштай тургандыгын айтты.

1991653
Улуттук электрлүү поезд каттамдарын баштайт

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу улуттук поезд топтомунун бүгүн кечинде биринчи жолу жүргүнчүлөрдү ташый баштай тургандыгын айтты.

Караисмаилоглу  билдирүүсүндө, Түркиянын темир жол системасы унаалары өнөр жайы (TÜRASAŞ) тарабынан өндүрүлгөн жергиликтүү жана улуттук поезд топтому 27 - апрелде өткөрүлгөн азем менен Түркия Республикасынын Мамлекеттик Темир Жолдорунун (TCDD) Транспорт башкы директорлугуна тапшырылгандыгын эске салды.

Улуттук поездин каттамдарын бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 20:10до Ада экспресс менен Адапазарынан баштала тургандыгын айткан Караисмаилоглу : "Адапазары менен Гебзе багытында  каттай турган поезд 11 аялдамада кызмат кылат. Адапазары  -  Гебзе багытында күнүнө  5 каттамга чыга турган улуттук электрлүү  поезд күнүнө 500 километр жолду басып өтөт",- деди. 

Караисмаилоглу долбоорлоодон өндүрүшкө чейин ата мекендик жана улуттук мүмкүнчүлүктөр колдонулган улуттук электр поезди топтомунун 160 километр ылдамдыкка ээ экендигине да көңүлдөрдү бурду.

 

 



Тектеш кабарлар