Акар: "Террордун бүтүшү менен элдин жыргалчылыгы да жогорулайт"

Министр Акар кечээ борбор шаар Анкарадагы билдирүүсүндө, террорго каршы күрөштө жетишилген ийгиликтерге басым жасады.

1990052
Акар: "Террордун бүтүшү менен элдин жыргалчылыгы да жогорулайт"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «Мурда Габарда террористтер бар болсо, азыр мунай кайдан чыгат, каякка кетет деген абалга келдик. Бул темадагы иш-аракеттерибиз менен муну дагы да өнүктүрөбүз»,- деди.

Министр Акар кечээ борбор шаар Анкарадагы билдирүүсүндө, террорго каршы күрөштө жетишилген ийгиликтерге басым жасады.

Террордун бүтүшү менен элдин жыргалчылыгы да жогорулай турганын айткан Акар: «Мунун эң ачык мисалы Габар. Мурда Габарда террористтер бар болсо, азыр мунай кайдан чыгат, кайда кетет деген абалга келдик. Бул темадагы иш-аракеттерибиз менен муну дагы да өнүктүрөбүз»,-деди.

Улуттук коргоо министри Акар террорго каршы күрөштүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканын, 2015-жылдын 24-июлунан бери 37 миң 886 террористтин жок кылынганын, акыркы бир айда жок кылынган террористтердин саны 126га жеткенин билдирди.

Террористтер жок болмоюнча күрөштүн да улана турганын баса белгилеген Акар, чек аралардын Республика тарыхындагы эң катуу чаралар менен корголгондугун, акыркы 5 жылда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 3 миллион 300 миң кишиге бөгөт коюлганын кабарлады.



Тектеш кабарлар