Эрдоган: «Кара деңиз дан коридору келишими дагы 2 айга узартылды»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын борбор шаар Анкарадагы борборунда өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөдү.

1987774
Эрдоган: «Кара деңиз дан коридору келишими дагы 2 айга узартылды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кара деңиз дан коридору келишиминин дагы 2 айга узартылганын жарыялады.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын борбор шаар Анкарадагы борборунда өткөрүлгөн жыйында сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Түркиянын жол башчылыгы, Орусия менен Украинанын конструктивдүү мамилесинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун көмөктөшүүсүнүн натыйжасында 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда кол коюлган келишим бир нече жолу узартылды. Акыркы узартуу мөөнөтү аяктап бараткан. Өлкөбүздүн аракети, орус досторубуздун колдоосу жана украиналык досторубуздун салымы менен Кара деңиз дан коридору келишимин дагы 2 айга узартуу чечими кабыл алынды»,- деди.

Президент Эрдоган: «Дүйнөлүк азык-түлүк жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүксүз иштеши үчүн жана өзгөчө муктаж болгон өлкөлөрдүн данга жетүүсүн жеңилдетүү үчүн өтө маанилүү болгон бул чечимдин бардык тараптар үчүн пайдалуу болушун каалайм. Келишимдин бардык шарттарды аткаруу менен кийинки мезгилде да улантылышы үчүн аракетибизди улантабыз. Мындан тышкары орусиялык досторубуз түрк кемелеринин Николаев жана Олвия портторуна чыгышына тоскоол болбой тургандыктарын билдиришти. Бул үчүн аларга ыраазыбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар