Энелер күнү боюнча билдирүүлөр
Президент Эрдоган Энелер майрамынан улам социалдык медиа эсебинен билдирүүсүн бөлүштү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Энелер күнүн белгиледи.
Президент Эрдоган Энелер майрамынан улам социалдык медиа эсебинен билдирүүсүн бөлүштү.
Эрдоган: «Өзгөчө шейит кеткендердин энелери баш болгон кайтаруусуз сүйүүнүн, мээримдүүлүктүн, боорукердиктин мисалы болгон бардык энелерибизди Энелер күнү менен куттуктайм»,- деди.
Президент ошондой эле каза болгон энелерге Аллахтан ырайым тиледи.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Энелер күнүнө карата социалдык медиа эсебинен жарыялаган билдирүүсүндө:«Ар бир баланы өз баласындай көрүп, аларга ушул сезимдердин аралашмасы менен мамиле кылган өзгөчө жүрөктөргө ыраазычылыгымды билдирем»,-деди.
Президент Эрдогандын жубайы, биринчи айым Эмине Эрдоган социалдык тармактагы баракчасында энелердин жүрөктөрдү жарык кылган, дубасы менен коргогон, абийири менен жарык кылган бир чырак экенин, дүйнөгө мээримдүүлүгү жеткен теңдешсиз зат экенин айтты.
Биринчи айым Эрдоган апасын ырайым менен эскерип, шейит болгон энелерди жана алардын көз алдында баласын эңсеген бардык энелерди урмат-сый менен эскерерин айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.