Дагы бир террорист багынып берди

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

1986142
Дагы бир террорист багынып берди

Жикчил террор уюму ПККдан качкан дагы бир террордук уюм мүчөсү көндүрүү жолу менен багынып берди.

Ички иштер министрлигинин координациясында Коопсуздук башкы башкармалыгы жана жандармерия башкы командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн көндүрүү иштеринин натыйжасында ПКК/КЖК террордук уюмунан качкан дагы 1 уюм мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Террордук уюмга 2013-жылы кошулган мүчөсүнүн Сирия жана Иракта кыймыл кылганы аныкталган.

Кошумчалай кетсек, багынып берген уюмдун мүчөсүнүн үй-бүлөсү 2019-жылдын декабрь айында «Диярбакыр энелерине» кошулганы белгилүү болду.

Ошентип 2023-жылы көндүрүү жолу менен гана багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 39га жетти, ал эми балдарды күтүү нөөмөтүндө 41-жолугушуу болот.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу расмий социалдык медиа эсебинен бөлүшүүсүндө: «Балдарды күтүү нөөмөтүндө дагы бир жолугушуу болот. Хаккариде баласынын кайтып келишин күтүп жаткан дагы бир үй-бүлө баласы менен жолугушуп жатат. Бул процесс дагы улантылат Республикабыздын 100 жылдыгында ПКК бул жерлерден жок кылынат деп үмүт кылабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар