Хулуси Акар террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен жүргүзүлүп жаткандыгын айтты

Хулуси Акар Кайсериде өткөн Энелер күнү иш  -  чарасына катышты.

1985961
Хулуси Акар террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен жүргүзүлүп жаткандыгын айтты

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террор менен күрөшүүдөгү жетишкендиктерге көңүлдөрдү буруп : "Эми Габарда террористтер эмес, мунай чыгаруучулар бар. Ал жерлерде террор эмес киреше сөз болууда",- деди. 

Хулуси Акар Кайсериде өткөн Энелер күнү иш  -  чарасына катышты.

Иш  - чарада башта  шейит энелери жана башка энелер менен жолугушкан Акар : "Шейит үй  -  бүлөлөрүнө, ардагерлерге бизчелик ээ чыккан эч бир мамлекет жок бирок эмне кылсак да аз экендигин билебиз",- деди.

Бир жердин мекен болушу үчүн ал улуттун балдарына муктаждыктын бар экендигин айткан Акар : "Шейиттерибиздин бир тамчы канын жерде калтырбайбыз.  Баарынын эсебин сурадык, сурап жатабыз",- деди.

Кайсериде  жарандар менен да жолугушкан Акар бул асыл улутту террордон куткарууда чечкиндүү экендерин айтты. 

Акар : "Террористтердин артындабыз. Алар Ирактын, Сириянын түндүгүнө качышты. Мехметчик артында. Террористтерди ийиндерине, баш калкалаган жерлерине, казган чуңкурларына көмдүк, көмүүнү да улантуудабыз",- деди. 

Террористтердин алдында эки жолдун бар экендигин, булардын бирөөсүнүн адилеттикке багынуу, бирөөсүнүн да жок болуу экендигин белгилеген Акар террористтердин кыйроо алдында экендигин баса белгиледи. 

Террор менен күрөшүүдө жетишилген ийгиликтергеда көңүлдөрдү бурган Улуттук коргоо министри : "Эми Габарда террористтер эмес, мунай чыгаруучулар бар. Ал жерлерде террор менен киреше сөз болууда",- деди. 

 



Тектеш кабарлар