Улуттук чалгындоо уюму Сирияда операция жүргүздү

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда MITтин Сириядагы операцияларында 4 террористтин жайгашкан жери аныкталып, кармалды.

1985144
Улуттук чалгындоо уюму Сирияда операция жүргүздү

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Сирияда жүргүзгөн операцияда кызыл категорияда издөөдө жүргөн ДЕАШтын мурдагы Түркия губернатору делген Шахап Вариш да болгон 4 террорист кармалды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда MITтин Сириядагы операцияларында 4 террористтин жайгашкан жери аныкталды.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында кармалган террористтер коопсуздук бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Кармалган террористтердин биринин кызыл категорияда издөөдө жүргөн ДЕАШтын мурдагы Түркия губернатору делген Шахап Вариш экени аныкталды.

Вариштин Түркияда ДЕАШ тарабынан жасалышы пландалган жана коопсуздук күчтөрү тарабынан алдын алган көптөгөн террордук кыймылдар менен байланышы бар экени аныкталды.



Тектеш кабарлар