Түркия-Сирия карым-катнаштарынын алдыга жылуусу үчүн жол картасы даярдалат

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын борбор шаары Москвада өткөн төрт тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен билдирүү таратты.

1984962
Түркия-Сирия карым-катнаштарынын алдыга жылуусу үчүн жол картасы даярдалат

Түркия, Орусия, Сирия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Түркия-Сирия карым-катнаштарын алдыга жылдыруу үчүн жол картасын даярдоо чечимине келишти.

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын борбор шаары Москвада өткөн төрт тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен билдирүү таратты.

Биргелешкен билдирүүдө, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян жана Сириянын тышкы иштер министри Фейсал ал-Микдад катышкан жыйналышта министрлердин Түркия менен Сириянын ортосундагы мамлекеттер аралык карым-катнаштардын жанданышына байланыштуу маселелер боюнча түрдүү аспектилерден «мазмундуу жана ачык жолугушуу» өткөргөнү белгиленип, төмөнкүлөргө орун берилди«Катышуучулар Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2254 резолюциясына жана «Астана форматынын» алкагында жарыяланган расмий декларацияларына ылайык, Сириянын эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана анын бардык формаларында жана көрүнүштөрүндө терроризмге каршы күрөшкө берилгендигин ырасташты.

Сириялыктардын мекенине ыктыярдуу, коопсуз жана татыктуу кайтып келүүсүн камсыз кылуу жана жаңжалдан кийинки кайра курууну жеңилдетүү жагынан,Сирияга эл аралык жардамды көбөйтүүнүн мааниси баса белгиленди.

Катышуучулар Түркия менен Сириянын ортосундагы карым-катнаштарды алдыга жылдыруу үчүн төрт өлкөнүн Коргоо министрликтери жана чалгындоо бөлүмдөрү менен координацияда жол картасын даярдоо боюнча тышкы иштер министринин орун басарларына тапшырма берүү боюнча да макулдашышты».

Билдирүүдө министрлердин жолугушуудагы пикир алмашуусу «позитивдүү жана конструктивдүү атмосферада» өткөнү белгиленип, министрлер келерки мезгилде азыркы төрт тараптуу форматтагы жогорку деңгээлдеги байланыштарды жана техникалык сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашканы белгиленди.



Тектеш кабарлар