Эрдоган:«Түркия кылымынын максаттарынын бири өлкөнү жарандык конституцияга алып келүү»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик кеңештин 155 жылдыгына арналган салтанатта сөз сүйлөдү.

1984838
Эрдоган:«Түркия кылымынын максаттарынын бири өлкөнү жарандык конституцияга алып келүү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия кылымы көз карашынын эң маанилүү максаттарынын биринин өлкөнү жарандык жана либералдык конституцияга алып келүү экенин белгиледи.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада Мамлекеттик кеңештин 155 жылдыгына арналган салтанатта сөз сүйлөдү.

Фетуллахчы террор уюмун (ФЕТӨ) сот системасынан тазалоо менен жаңы доорду баштагандарын белгилеген Эрдоган:«Биздин сотторубуздун террордук уюмдарга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүнө баарыбыз күбөбүз»,-деди.

Түркия үчүн улуттук эрк менен даярдалган күчтүү конституцияны даярдоону каалагандарын баса белгилеген президент:«Түркия кылымы жөнүндөгү көз карашыбыздын эң маанилүү максаттарынын бири өлкөбүздү жарандык жана эркиндикчил конституцияга алып келүү. Бул темада сот өкүлдөрүбүздөн салымдарды күтөбүз»,-деп айтты.

Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдоган Батмандагы сөзүндө Түркиянын ар бир адам үчүн алда канча эркин, коопсуз жана бейпил жер катары белгилене турганын айтты.

Эрдоган Габардагы мунай коруна байланыштуу да: «Кара деңиз газын элибиздин карамагына бергендиктен, Габар мунайын өлкөбүздүн экономикасына эң кыска мөөнөттө алып чыгабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар