Түркия - Иран эркин соода аймагы

Түркия менен Иран биргелешкен эркин соода аймагын түзүүдө.

1984082
Түркия  -  Иран эркин соода аймагы

Түркия менен Иран биргелешкен эркин соода аймагын түзүүдө.

Бул тууралуу Ирандын эркин жана атайын экономикалык аймактарынын жогорку кеңеши билдирди.

Билдирүүдө түрк жана ирандык адистердин акыркы бир нече айдан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү, орток эркин соода аймагынын түзүлүшү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун даярдалганы белгиленди.

Билдирүүдө «жакшы кызматташуу өз ара тажрыйба алмашууга багытталганы» баса белгиленди.

Билдирүүгө ылайык, Түркия менен Ирандын орток эркин соода аймагы келишимине бир же эки айдын ичинде кол коюлат.



Тектеш кабарлар