Эрдоган-Абдуррахман сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Судандагы түрк жарандарынын эвакуацияланышы жана коопсуздугуна байланыштуу маселелер да талкууланды.

1984197
Эрдоган-Абдуррахман сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Судандын Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы генерал Абдулфеттах Абдуррахман аль-Бурхан менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, президент Эрдоган сүйлөшүүдө Судандагы жаңжалдан каза болгондордун, жаралангандардын көбөйүшүнө капа болгонун жана тынчсызданганын билдирди.

Тараптар ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл ала турган болсо сүйлөшүүлөргө кожоюндук кылууга даяр экенин белгилеген Эрдоган, Судан элинин чукул гуманитардык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн Бириккен Улуттар Уюму менен байланыш абалында аракеттерин уланта тургандарын айтты.

Сүйлөшүүдө Судандагы түрк жарандарынын эвакуацияланышы жана коопсуздугуна байланыштуу маселелер да талкууланды.

Өлкөдө армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда бир айга жакын убакытка созулган кагылышууда жүздөгөн киши каза болду.



Тектеш кабарлар