Эрдоган: "Түркия кылымын билим кылымына айландырабыз"

Халич конгресс борборунда «45 000 мугалимди дайындоо программасы» өткөрүлдү.

1983956
Эрдоган: "Түркия кылымын билим кылымына айландырабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Бир калем менен Республика тарыхыбыздагы эң чоң мугалимдик дайындоону ишке ашырып жатабыз»,- деди.

Эрдоган Стамбул Халич конгресс борборунда «45 000 мугалимди дайындоо программасында» сүйлөгөн сөзүндө: «Сиздердин колдооңуздар менен кийинки мезгилди Түркия кылымы кылып, Түркия кылымын да билим кылымына айландырабыз»,-деди.

Президент Эрдоган 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн жабыркаган аймактарга байланыштуу билдирүүсүндө болсо: «Соңку 3 айда жер титирөө болгон аймак үчүн абдан маанилүү кадамдарды жасадык. Таштандыларды толугу менен чыгардык. 837 миң чатыр, ошондой эле 100 миң контейнер орнотулду. 142 миң турай жай жана айыл үйлөрүнүн курулуш процессин баштап 59 миңинин пайдубалын түптөдүк. 319 миңин бир жылдын ичинде жалпы 650 миң үйдү салып ээлерине тапшырабыз»,-деп айтты.

Эрдоган: «Бүгүнкү дайындоо менен иштей турган мугалимдерибиздин жарымына жакыны жер титирөө болгон аймактарда өз милдеттерин аткарышат»,-деди.

Президент Эрдоган, терроризм менен күрөшүү боюнча да: «Чек араларыбыздын ичинде бүтүйөн деп калган террорду Ирактын жана Сириянын түндүгүндө да жок кылабыз»,-деп билдирди.

Бир тараптан Эрдоган, партиясынын (Адилеттик жана Өнүгүү партиясы) Стамбулдагы кечээки митинги тууралуу социалдык медиа баракчаларынан: «Стамбулдун 39 районунан, ар бир бурчунан Ататүрк аэропортунун улуттук бакчасына агылган бардык бир туугандарыма ыраазычылык билдирем»,-деп бөлүштү.

Эрдоган дагы бир билдирүүсүндө: «Ушул убакка чейин улутубуз менен бирге басып келгенибиздей бүгүн да, эртең да сүйүктүү улутубуз менен шерик болууну улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар