Президент Эрдоган : Түркиянын технологиялары менен дүйнөдө сөз ээси өлкө

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын оюн өзгөрткөн технологиялары менен дүйнөдө сөз ээси өлкөгө айланганын айтты.

1983415
Президент Эрдоган : Түркиянын технологиялары менен дүйнөдө сөз ээси өлкө

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын оюн өзгөрткөн технологиялары менен дүйнөдө сөз ээси өлкөгө айланганын айтты.

Эрдоган Европанын эң чоң өнөр жай, авиация жана космостук кластери болгон SAHA Стамбулдун Кезектеги 5 - жыйынына жиберген билдирүүсүндө акыркы 20 жылда коргонуу өнөр жайында жасаган трансформациялары менен жогорку технологиялуу ата мекендик жана улуттук системалардын армиянын, дос жана союздаш өлкөлөрдүн колдонуусуна сунуш кылгандарын белгилеп : «Түркия азыр оюн өзгөрткөн технологиялары менен дүйнөдө сөз ээси өлкөгө айланды»,-деди.

Бир тараптан Эрдоган Кайсериде сүйлөгөн сөзүндө да 6 -  февралда болгон Кахраманмараш жер титирөөсүнөн жабыркаган аймактарда 837 миң 500 чатырдын жана 100 миң контейнерди кургандарын, курулуш процесси башталган  турак жай саны 141 миң 300, айыл үйлөрүнүн саны 58 миң 630 экендигин айтты.

Президент Эрдоган :  "Кылымдын апаатын өткөрүп, 50  кишини жерге берсек да мамлекет  - улут бирдикте жараларыбызды айыктыруудабыз. Кыйраган жана чукул түрдө кыйратыла турган имараттардын урандыларын тазаладык. Жер титирөө турак жайларынын курулушун ылдамдык менен баштадык. Эч токтобостон иштеп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар