Өлкө тышындагы түрк жарандары Түркиядагы шайлоо үчүн добуш берүүдө

Түрк шайлоочулары Түркиянын Ашхабад элчилигинде орнотулган урнада жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө добуш бере башташты.

1983374
Өлкө тышындагы түрк жарандары Түркиядагы шайлоо үчүн добуш берүүдө

Түркмөнстанда жашаган түрк жарандары 14 -  майда Түркияда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш беришиүүдө.

Түрк шайлоочулары Түркиянын Ашхабад элчилигинде орнотулган урнада жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө добуш бере башташты.

Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Орал  билдирүүсүндө, президенттик жана парламенттик шайлоолор үчүн добуш берүү процесси башталган Түркмөнстанда жетиштүү түрк шайлоочу болгондуктан, элчиликте урналар орнотулгандыгын жана  шайлоочулардын 6 - 7 - майда  добуш бере ала турганын айтты. 

Орал президенттик шайлоо экинчи айлампага кала турган болсо өлкөдөгү түрк шайлоочуларынын 20-21-майда Ашхабад элчилигинде добуш бере ала турганын билдирди.

Литванын борбор шаары Вильнюста чет элдик шайлоо тизмесине катталган шайлоочулар Түркиядагы президенттик жана 28-мөөнөттүк парламенттик шайлоо үчүн добуш берүүгө катышты.

Биринчи жолу урна орнотулган өлкөдө шайлоочулар жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн баштап добуш бере башташты жана добуш берүү процесси саат 21:00гө чейин уланат. Шайлоочулар 7-майдын кечине чейин добуш бере алышат.

Жогорку Шайлоо Комиссиясынын маалыматтарына караганда Литвада 795 шайлоочу бар.

Түркиянын Вильнюстагы элчиси Барыш Тантекин добуш берүү процессинин бүгүн эртең менен башталгандыгын айтып : "Жарандарыбызды бүгүн эртең мененки саат 9:00дөн 21:00гө чейин, эртеңки саат 09:00дөн 21:00гө чейин элчилигибизде күтөбүз",- деди.

Жарандардын өздүк картасын ала келиши керектигин баса белгилеген Тантекин : "Чет элдик паспорт менен добуш берилбейт.  Урналар 12 саат ачык болот",- деп билдирди.

Тантекин өлкө тышындагы шайлоочу катары катталган жарандардын да  үкөк ачылган бир түрк миссиясында добуш бере аларын эске салды. Ошол эле учурда Пакистан, Марокко, Эстония, Косова, Черногория жана Мальтада, Португалия, Нигерия менен Сербияда,  Беларус, Словакия, Бразилия жана Түштүк Африкада да шайлоо үчүн добуш берүү башталды.

 



Тектеш кабарлар