Акар: "Үч күндө 13 террорист жок кылынды"

Акар Кайсериде билдирүү жасады.

1983147
Акар: "Үч күндө 13 террорист жок кылынды"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ирак жана Сириянын түндүгүндө үч күндүн ичинде 13 террористтин жок кылынганын айтты.

Акар Кайсеридеги билдирүүсүндө террор менен күрөшүү темасына токтолуп, түрк аскерлери Түркиянын жашоосу жана коопсуздугу үчүн керектүү нерселерди жасаганын жана кылып жатканын белгиледи.

Ирактын түндүгүндөгү террор уюктарынын биринин артынан бири жок кылынганын, Сириянын түндүгүндө түзүлүүсү пландалган террор коридорунуна бөгөт коюлганын, террористтердин өздөрү казган чуңкурларга көмүлгөнүн билдирген Акар: «Террор бүтө элек, эч кандай жайбаракаттык, жеңишке мас болуу, же ыкшоолук жок. Күрөш ошол эле чечкиндүүлүк менен ылдамдаган темпте уланууда. Өткөн түнү жүргүзүлгөн операцияларда дагы 5 террорист таасирсиз кылынды. Ошентип үч күндүн ичинде Ирак жана Сириянын түндүгүндө 13 террорист жок кылынды»,-деди.


Этикеткалар: #коопсуздугу үчүн

Тектеш кабарлар