Түркия Руандага көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги, өлкөдө 2-майда болгон жер көчкү жана селден каза болгондор үчүн жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1982407
Түркия Руандага көңүл айтты

Түркия Руандада катуу жааган жамгырдын натыйжасында болгон жер көчкү жана селдин себебинен каза тапкандарга байланыштуу Руанда элине жана өкмөтүнө көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлиги, өлкөдө 2-майда болгон жер көчкү жана селден каза болгондор үчүн жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Кеминде 100 кишинин каза болушунун терең кайгыга салгандыгы белгиленген билдирүүдө: «Каза тапкандардын жакындарына, дос Руанда эли менен өкмөтүнө көңүл айтабыз жана тилектештигибизди билдиребиз»,-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар